"Мугалимдин айлыгы менен батир төлөп, бала багуу оор. Жолдошум төрт жыл мурун каза болгон. Төрт балама миң сомдон жөлөк пул чыгат. Айлам кеткенде дем алыш күндөрү сабактан чыгып алып, бирөөлөрдүн үйүн тазалайм. Үч күндө иштеп тапкан акчамды өзүмдүн, балдарымдын жол киресине, батир акысына, тамак-ашка жеткирүү оор. Үч жыл мурда шаарда шарты бар үйдө жашачубуз. Былтыр күзүндө бир бөлмөлүү үйгө чыккам. Жакында андан да баш тартып, "Дордой" базары жактан жер үйдүн бир бөлмөсүнө көчүп бардым. Балдар менен батирлеп жүрүү да оңой эмес. Төрт бала менен бир бөлмөдөбүз. Өкмөт айлык акы менен жөлөк пулду көбөйтө албаса да, азык-түлүктүн баасын көтөрбөй кармап турса жакшы болмок".
Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы ураандар чакырылды. Жүрүш бул ирет тынч, эч бир чыр-чатаксыз жыйынтыкталды.
Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк Планы менен дыкат таанышып чыктык. Биз өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча жаңы кадамдарды кубаттайбыз. Революциядан кийинки жаңы бийликтен, чечимдерди кабыл алуу процессинде коомдук деңгээлден улуттук деңгээлге чейинки активисттердин бирдей катышуусун көп жылдардан бери күткөн жарандардын аялуу группасын толкунданткан сунуштарды эске аласыз деген ойдобуз. Биз, эмгектеги теңсиздикке жана эмгекчилердин укуктарын коргогон Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү көз карандысыз профсоюздар аркылуу бизнес менен бийликтин өнөктөштүгүн колдоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруп коюңуздарды суранабыз. Аялдарга жана кыздарга тыюу салынган кесиптердин тизмесин тез арада жокко чыгаруу маанилүү, анткени аялдардын эмгеке бирдей катышуусуна тыю салып, аялдардын укугун ачык басмырлаган КРнын Өкмөтүнүн токтому бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.
Алгач узаган жылдын эсептерин бир сыйра тактап алалы. Анда кепти Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү менен баштайлы. Демек, Улуттук статистика комитетинин жаңы эсептеринде бул жааттагы көрсөткүчтөр кескин кыскарганы белгилүү болду. Мунун ичинде экспорт да, импорт азайып отурат.
Лондондо жайгашкан “The Economist Intelligence Unit” уюму чыгарган демократия индексине ылайык, “Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө авторитардык эмес жападан жалгыз өлкө, бирок авторитаризмге жакындап бараткан мамлекет” деп мүнөздөлдү. Анда Кыргызстан бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн алты тепкич артка кеткени белгиленген.
«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «Turkmen.news» басылмасынын кабарчысы Нургелды Халыковду камактан бошотууга чакырды. Халыков быйыл жайында коронавирус боюнча абалды баалаш үчүн Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын сүрөтүн тараткандан кийин камакка алынган.
Профсоюздагы туңгуюк кырдаалын талкулоо!
Видео: Кыргызстан Профсоюзундагы башаламандыкты баштагандар кимдер?
Кече Кыргызстан профсоюздарын рейдерлик басып алуу жолунун апогеи болду. К. Рыспаев, М. Асанакунов тарапташтары менен карапайым кызматкерлерди алдап КР Укук жазык кодексинин абдан оор 219-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш ишти кылышты.
Бул саясий рейдерлик басып алуу 2017-ж. январда башталган. Эмне дегенде ошол кездеги вице-премьер министр жана өкмөттүн өкүлөдөрүнүн көзөмөл астында төрага болуп шайланган.