Соңку жылдары борбор азиялык айдоочулар Литванын логистика тармагынын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Жыл сайын жүздөгөн айдоочулар Литвага жүк ташыган фура айдап, акча табуу үчүн келишет. Бирок узак сапарга чыккан айдоочулардын арасында катаал шартта иштеп, укугу одоно бузулгандары да аз эмес.
Асылбек Абдикаим уулу айылда төрөлүп өскөн, төрт бир туугандын улуусу. Кичинекейинен үй турмушуна аралашып, чыйрак өсүп чоңойот. Мектепти окуп бүтөрдө эле ата энесине жардам берүү, каралашуу идеясы келет да окууну бутүп эле эки жылдан кийин 2012- жылы көпчүлүк менен кошо Россияга жөнөйт.