Жакырлардын саны өлкөдө расмий түрдө миллиондон ашчу жана жылдан жылга азайып жаткан. Чек аралар жабылып, ишканалар карантинге кабылгандыктан бул жылы экономика да кыйын күнгө туш болууда. Мекеме өз талдоосуна таянуу менен тейлөө кызматынан, мигранттар которгон акчадан жана жаратылыш ресурстарынан көз каранды кыргыз экономикасына COVID-19 пандемиясы өтө оор сокку урарын эскертти.
Өткөн аптада Кыргызстанга Орусиядан кайтып келген 400гө жакын адамдын басымдуу бөлүгүн балалуу жана кош бойлуу аялдар түздү. Ага чейин учакка отурбай калган мигрант аялдар карантинде оор кырдаалга кабылганын айтып, кыргыз бийлигине кайрылышкан. Бул окуя Орусиядагы мигрант келиндердин абалына жана саламаттыгына байланыштуу маселени күн тартибине чыгарды.
2020-жылдын 1-июнунда саат 10.00до Бишкек шаардык административдик сотунда (Ибраимов 64, тел.: 0312 681390, 622731) Азимжан Аскаровдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө административдик доосу боюнча алгачкы отурум болуп өтөт. 2020-жылдын 11-майында сот процесси КРнын 2020-жылдын 11-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык район аралык сотторду кайрадан уюштурууга байланыштуу болгон жок.
«Азимжан Аскаровдун ишинин артында Аскаровду мыйзамсыз кармаган милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр бар. Бул ишке аралашкан прокурорлор Жогорку сотто, Башкы прокуратурада кызматта отурушат. Булардан башка да чиновниктер бар. Биз Кыргызстандын азыркы акыбалын жакшы түшүнүп турабыз. Кыргызстанда сот реформасы туңгуюкта жана эч кандай адилеттүүлүк жок экенин бүгүн дагы бир жолу көрдүк».
Ранее Комитет гражданского контроля также направлял главе государства обращение с просьбой защитить основных свидетелей крупных коррупционных схем, таких как Эмилбек Кимсанов. Но и правозащитники, и родственники бывшего сотрудника ГТС отмечают, что власти никак не отреагировали на эти призывы.
Депутаттар табигый кырсыктардын алдын-алуу жана аны жоюу иштерине бюджеттен жетиштүү акча бөлүнбөгөнүн, селдин нугун буруу үчүн салынган дамбалар сапатсыз курулганын сынга алышты.
Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын оор абалда калганы Кыргызстандын миграциялык саясатына байланыштуу маселени козгоду. Өкмөт эмгек мигранттарына жардам бере албай, алардын аэропорттордо, чек араларда калып кеткен оор жагдайлары өзгөчө учурда координациянын жоктугун көргөзүп койду дешет талдоочулар.
Орусияда 15-июнга чейин чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыгында көрсөтүлгөн.