Кыргызстан тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү камсыз кылууну кааласа, кээ бир жетишкендиктерге токтолбостон, азчылыктардын адам укуктарын камсыз кылуу, өзүнүн демократиялык институттарын чыңдоо жана инклюзивдүү коомду түзүү боюнча андан аркы чараларга муктаж, - деди өлкөгө иш сапарынан кийин азчылыктардын адам укуктары боюнча БУУнун эксперти. Атайын баяндамачы Фернан де Варен Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык түзүмдөрү менен уланып жаткан өз ара аракеттенүүсүн жана адам укуктары боюнча жаңы иш-аракеттер планын кабыл алуусун кубаттап, бирок адам укуктарынын жаатындагы ар тараптуу мыйзамдарды, жана өзгөчө басмырлоого каршы жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууга өтүндү.
Арызданган тарапта өлүмгө өндүрүштүк жараян себеп болгонун тастыктаган документтер бар, бирок Мамлекеттик экотехинспекциянын жергиликтүү башкармалыгы андан кабарсыз.
Күн сууктап, көмүр сезону башталганы шахталарга түшүп каражат табам деген жергиликтүү тургундардын аракети күчөйт. Бирок, жыл сайын шахталарда киши өмүрүн алган окуялар катталып жүрөт.
Чүйдүн Ысык-Ата районунда дыйкандар «Кайыңды-Кант» заводу келишимди бузуп жатканын айтып чыгышты. Чүйдүн талааларында кант кызылчасын жыйнап-терүү убагы башталды. Бирок быйылкы түшүмүн чогултуп жаткан дыйкандардын маанайы суз. Алар завод буга чейин кабыл алынган түшүмдүн 40% акчалай, калганын кумшекер менен берсе, быйыл 28% гана акча түрүндө бермей болгонун айтышууда. Завод өкүлдөрү муну өлкөгө импорттолгон кумшекердин көптүгү жана анын арзандашы менен түшүндүрүштү.