Абакта кордук көргөн аял кенемтенин суммасына нааразы
Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 51 жаштагы Роза Горбаева убактылуу кармоочу жайда (ИВС) үч жылдан ашык отурган. Бул аралыкта кордук көргөнү үчүн мамлекеттен 10 млн. сом компенсация төлөп берүүнү талап кылып, сотко кайрылган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, 16-ноябрда аялдын арызын жарым-жартылай канааттандырды. Сот чечимине ылайык мамлекет Горбаевага 50 миң сом төлөп берүүгө тийиш. “Ыйладым… Сот чечим чыгарганда ызама чыдабай ыйладым. Кыргызстанда акыйкаттык жок экен. Үч жарым жыл убактылуу кармоочу жайларда көргөн кордугум үчүн 50 миң сом төлөп берсин дейт. Мага 50 миңдин кереги жок. Мен 10 млн. сом компенсация талап кылгам. Арызды акча үчүн эмес, принцип үчүн жазгам. ИВСтерде аялдар үчүн эч кандай шарт жок”.
Details








