Элди кыйнаган кымбатчылык
“Мугалимдин айлыгы менен батир төлөп, бала багуу оор. Жолдошум төрт жыл мурун каза болгон. Төрт балама миң сомдон жөлөк пул чыгат. Айлам кеткенде дем алыш күндөрү сабактан чыгып алып, бирөөлөрдүн үйүн тазалайм. Үч күндө иштеп тапкан акчамды өзүмдүн, балдарымдын жол киресине, батир акысына, тамак-ашка жеткирүү оор. Үч жыл мурда шаарда шарты бар үйдө жашачубуз. Былтыр күзүндө бир бөлмөлүү үйгө чыккам. Жакында андан да баш тартып, “Дордой” базары жактан жер үйдүн бир бөлмөсүнө көчүп бардым. Балдар менен батирлеп жүрүү да оңой эмес. Төрт бала менен бир бөлмөдөбүз. Өкмөт айлык акы менен жөлөк пулду көбөйтө албаса да, азык-түлүктүн баасын көтөрбөй кармап турса жакшы болмок”.
Details








