Укук министрлигинин каттоо сайтында өлкөнүн Профсоюздар федерациясынын жетекчиси тууралуу маалымат өзгөрүп кеткени аныкталды. Ал Кеңеш 5-февраль күнү мурдагы төрага Мирбек Асанакуновду кызматтан алган жана Минюсттун сайтында төрайымдин милдетин Рысгүл Бабаева аткарат деп жазылып келген, бирок бүгүн кайра Асанакуновдун фамилиясы пайда болуптур. Мындай аракет карантин учурунда жасалып жатат жана Укук министрлигинин расми маалыматына таянып, Асанакунов – андан конфискацияланган мөөрдү кайра жаңы жасатып, бир топ расми кагазга кол коюп жибериши мүмкүн жана аны менен профсоюздарга таандык пансионат же эс алуу үйлөрү башка колго өтүп кетиши ыктымал, карантин учурунда болсо ал мүлктүн ээлери ага каршы аракет көрүүгө үлгүрбөй калат.
Details