Кыргызстан тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү камсыз кылууну кааласа, кээ бир жетишкендиктерге токтолбостон, азчылыктардын адам укуктарын камсыз кылуу, өзүнүн демократиялык институттарын чыңдоо жана инклюзивдүү коомду түзүү боюнча андан аркы чараларга муктаж, – деди өлкөгө иш сапарынан кийин азчылыктардын адам укуктары боюнча БУУнун эксперти. Атайын баяндамачы Фернан де Варен Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык түзүмдөрү менен уланып жаткан өз ара аракеттенүүсүн жана адам укуктары боюнча жаңы иш-аракеттер планын кабыл алуусун кубаттап, бирок адам укуктарынын жаатындагы ар тараптуу мыйзамдарды, жана өзгөчө басмырлоого каршы жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууга өтүндү.
Details